Балаңыздын тиши чыга баштадыбы...

13-Март 2018, Шейшемби, 15:21

Наристеге алгач тиш чыккан кез. Көпчүлүк энелердин эсинде бул учур сакталып калган чыгаар. Же болбосо мындай кез сизди да күтүп турса керек. Ушундай учурду кыйынчылыксыз өткөрүү үчүн жана баланын тиши чыкканда жардам берүүчү элдик ыкмаларды сиздерге сунуштамакчыбыз.

Наристеге эң алгач тиш чыкканда же урту жарылганда энесинин таза манжасын ырахатана чайнаганы да жетиштүү. Ушул маалда манжа менен баланын кызыл ээгин укалоо ыкмасын колдонуп көрүңүз. Манжаңызга чүпүрөк ороп алып, содага (1 стакан сууга бир кашык) малып кызыл ээкти сүртүңүз.

Музду колдонуу

Чүпүрөккө бир аз муз тилимин ороп, аны менен ээкти суртсө ооруну басууга жардам берет. Бирок муздун өзү ээке тийбей турушун, ошону менен бирге муз бир орунда турбай ар дайым ээкте кыймылдап тургандай кылып көзөмөлдөп турган оң.

Тиш чыкканда баланын ээгин бал менен сүйкөңүз

Бирок ал үчүн баланын ага аллергия болбой тургандыгына көз жеткирүү кажет. Балды аз –аздан сүртүп туруш керек. Антпесе бала тили менен балды жалап коюшу мүмкүн, ал эми андан эч кандай таасир бербей калат.

Уктаар алдында балага бир кашык бал бериңиз. Бул баланы тынчтандырып, уйкусун жеңилдетет.

Ромашка сезгенүүгө каршы дары болуп саналат.

Аны бир нече ыкма менен кабыл алууга болот. Ооруну басуу үчүн балага бир же эки кашык ромашка чайын бериш керек. Кайнатылган чөптөн жылуу компресс жасап тиш чыкканы жаткан уртка тартса пайдалуу. Ошону менен бирге, уртун терисин ромашка майы менен сүртсө да зыяны тийбейт.

Тынчтандыруучу чай

Тынчтандыруучу касиети болгондуктан чай энеге да, балага да пайдалуу жана баланын ооруксунусун жеңилдетен. Мелисадан, ромашкадан, жалбыз жана лаванда гүлүнөн бирдей өлчөмдө алып, ага кайнаган сууну куюңуз. 15 мүнөт демдеп коюп, андан кийин гүлдөрдү сүзүп алып ичиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!