Үй-бүлөлөр ар түрдүү болот: бактылуу — бактысыз, чоң — кичине, жаш жана тажрыйбалуу, балалуу – баласыз. Бала үчүн үй-бүлө – атасы башчы, апасы ишенимдүү коопсуздук чеби.
Ошентсе да, дүйнө жалаң гана укмуш нерселерден турбайт, чептер кулайт. Ата –энеси эки ажырым жолго түшкөндө кичинекей наристе эки чеп ортосунда калат. Көп учурда ата-энелер баланын көзүнчө ойлонбой уруш-кериш чыгарып, жанын жаралашат. Бала ата-эненин ажырашуусун өтө кыйын кабыл алышат. Себеби өзүнүн жүрөгүнө жакын адамдардан эрксиз бири-биринен баш тартууга мажбур болушат.
Азыр баладан энеси баш тартып жаткан учурларда көп кездешет. Ошондо эненин мээримдүү алаканына зар болгон бала атасынын коргонунда калат. Же болбосо тескерисинче. Кичинекей наристелер ар бир эс алуу күндөрү жанында жок энесин же атасын зарыга күтөт. Ушундай баланын бейкүнөө дүйнөсү талкаланып, жанарынан нур, жүзүнөн күлкү жоголот. Бала башкалардын ата-энесин көргөндө көзү жашылданып, үмүтү үзүлөт. Ал эми аны көргөнү бир айда бир келген энеси жүрөктөгү жарасын айыктыра албайт.
Кичинекей бала бул дүйнөнүн мээримсиздигин жан дүйнөсү менен эрте сезе баштайт. андан кийин атасы кайра үйлөнөт же апасы турмушка чыгат. Үйдө анын атасынын же апасынын ордун басып жаңы адам келет. Ар бир бала мындай учурду ар турдүү кабыл алат: бири кайдыгер, бири кызганыч менен, ал эми башкасы өзүнө жетпеген жылуулукту алууга тарышат.
Баарынан мурун бул маселеде жүрөк оорутканы балдардын өтө жаш чагында тагдырдын суноосуна кабылгандыгы. Кандай болгон күндө да ата-энелер баланын жан дүйнөсүн жаралабоого аракет кылуулары керек, баланын алдында бири-бири жөнүндө жаман айтууга болбойт. Ата менен эне ар дайым бала үчүн үлгү бойдон калуулары керек. Ал эми бала толук кандуу үй-бүлөдө гана бактылуу болот.