Бир жашка чейинки балдардын өнүгүү этабы

17-Янв. 2018, Шаршемби, 10:30

Албетте ар бир баланын жөндөмү ар башка. Бирок баланын акыл-эсинин өнүгүү этабы негизинен төмөнкүдөй тартипте кетет. Эгер сиздин 1 жашка чейинки балаңыз болсо, салыштырып көрүңүз...

1 айлык бала:

- Чоң адамдын бетин жана ачык түстүү буюмдарды аныктайт

- Чоң адамдын сүйлөгөнүнө жооп кылып жылмая баштайт

- Курсагынан жаткан калыбында башын көтөрүүгө жана кармаганга аракет кылат.

2 айлык бала:

- Кадимкидей сергек болуп, үстүндө илинип турган оюнчуктарын карайт

- Оюнчуктарынын кыймылын ээрчип карайт

- Адамдын же буюмдардын үнүн укканда кыймылын токтотуп тыңшап калат

- Аны менен сүйлөшкөндө жылмаюусу менен дароо жооп берет.

3 айлык бала:

- Чоң адамдын бетине көз карашын токтотуп, анын сүйлөгөнүнө кулак салып калат

-Чоң адамдын сүйлөгөнүнө кубаныч менен жооп берет: жылмайып, колу-бутун тыбырчылатып, кандайдыр бир үндөрдү чыгарып жана башка.

- Yстүндө илинип турган оюнчуктарына кокусунан колу менен тийип алат

- Көмкөрөсүнөн бир нече мүнөткө чейин жатып, башын жакшы кармап калат

- Тигинен көтөргөндө башы шылкылдабай, жакшы кармалат.

4 айлык бала:

- Yн чыккан жакты башын буруп карайт

- Көп жылмаят, катуу үндөрдү чыгарат, көп кыймылдайт

- Аны менен ойногондо катуу күлөт

- Yстүндө илинип турган оюнчуктарын көңүл коюп карайт, сыйпалап көрөт, тарткылайт

- Ээмп жатканда апасынын эмчегин же бөтөлкөнү кармап алат.

5 айлык бала:

- Жакын адамдарын чоочундардан айырмалай билет

- Чоң адамдын өзүнө карата кандай тон менен сүйлөп жатканын айырмалайт

- Сергек кезинде кандайдыр бир обонго салып узакка чейин "ырдайт"

- Шылдырактарын даана, көпкө чейин колунда кармап турат.

- Көмкөрөсүнөн көпкө чейин жата берет

- Далысынан курсагына оодарылат

- Кармап турса түз турат.

6 айлык бала:

- Муундарды өз-өзүнчө айта баштайт

- Оюнчуктарын өзү алып, көпкө чейин аны менен ойнойт

- Курсагынан далысына оодарылат

- Манежинен жыла баштайт

- Тамакты кашык менен жеп калат.

7 айлык бала:

- Көпкө дейре бир нерселерди балдырап, бир муунду кайра-кайра кайталай берет

- "Кана тобуң" (шылдырагың, шапкаң ж.б )? деген суроого жооп кылып, эки жагын карап издеп калат. Такай бир орунда турган буюм болсо таап да келет

- Көп жана жакшы жылып калат.

8 айлык бала:

- Ар кандай муундарды катуу жана кайра-кайра кайталап айтат

- Чоңдордун үйрөтүүсү боюнча ар кандай кыймылдарды кыла баштайт (колуңду бер, мурдуң кана? ж.б.)

- Сергек маалында оюнчуктары менен көпкө чейин ойнойт. Аларды көңүл коюп карайт, бири-бирине кагыштырат ж.б.

- Отурган абалынан өзү жатып, жаткан абалынан отура алат

- Колу менен бир нерсеге жөлөнүп, өзү турат

- Бир нерсеге жөлөнүп басат

- Өзү колуна кармап, нанды жей алат

- Чоң адам кармап турган пияладан өзү ичет.

9 айлык бала:

- Чоң адамды туурайт, анын артынан муундарды кайталайт

- "Кана?" деген суроого жооп кылып кайсы жерде турганына карабай бир канча буюмду таап келет

- Өзүнүн атын билет, чакырган жакка бурулат

- Ар бир буюмдун өзгөчөлүгүнө жараша мамиле кылат: топту тебет, машинаны айдайт ж.б.

- Чоң адам кармап турган пияланы өзү да жеңил кармап, пияладан жакшы ичип калат

10 айлык бала:

- Чоңдорду туурап, алар кандай үн чыгарса ошону кайталай алат

- Чоңдор кайсы оюнчугун сурабасын таап, алып келет.

- Оюндарды билип калат. Мисалы "ку-ку" деген сөзгө апасынын бетине бекинет.

11 айлык бала:

- Алгачкы сөздөрдү айта баштайт: "ав-ав", "ме" ж.б.

- Кубиктерди биринин үстүнө экинчисин коюп, пирамиданы жасай алат.

- Өз алдынча тура алат.

12 айлык бала:

- Жаңы муундарды оңой эле туурайт

- 10 чакты сөз айтат

- Түшүнгөн сөздөрүнүн саны көбөйөт. Эч кандай кыймыл-аракетсиз эле бир нече буюмдун аталышын жана жакындарынын аттарын билип калат.

- Өз алдынча басып калат

- Пияланы өзү кармап ичет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!