“Apple” унааларды чыгарууну көздөөдө

29-Июнь 2017, Бейшемби

Бул тууралуу “Bloomberg” маалымат булагы кабарлайт.

“Apple” жакынкы убактарда “Tesla” жана “General Motors” сыяктуу компанияларга атаандаш болууга камынууда. 2017-жылы 300 километр аралыкты бир гана кубаттандыруу менен жүрө алган электромобиль чыгарууну (баасы 40 миң доллар) көздөйт.

Мындан сырткары “Bloomberg” “Apple” азыртадан эле “Apple Car” чыгаруу үчүн 200 адамдан турган топ жалдады. Компанияга акыркы айларда аккумулятор технологиясынын жана робот техникалырынын мыкты адистери келишкен. “Tesla” компаниясынын башчысы Элон Маскдын билдирүүсү боюнча ““Apple” компаниясындагы кызматкерлерди өзүнө алгачкы бонус ирээтинде 250 миң доллар жана 60 пайызга маяналарын көтөрөбүз деп өзүлөрүнө тартып жатышат”,- деп билдирген.


“Apple”дин келечектеги унаасы өзүн-өзү башкарууга жөндөмдүү болуусу ыктымал, бирок так маалыматтар айтылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!