Жаңы “Toyotа Prado” чыкты

27-Июль 2017, Бейшемби

“Toyotа Prado” унаасынын рестайлингтен өткөн түрүнүн сүрөтү интернетке чыкты.

“Toyota Prado”нун алдынкы жагы көп өзгөрүшкө учураган. Бул нуска “Land Cruiser 200” моделине окшотулуп жасалган. Тагыраак айтканда, бампер формасы менен арткы капоту менен формасы өзгөргөн.

Маалыматтар боюнча, унаанын 3.5-литрлик бензин кыймылдаткыч түрү пайда болгон. Азыр бул унаанын мотору 2.7 (163 л. с., 246 Нм) же 4.0 (289 л. с., 387 Нм).

Айта кетсек, “Toyota Prado”нун азыркы түрү 2009-жылдан баштап чыкса, 2013-жылы ал рестайлингтен өткөн эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!