Жалал-Абадда мал соючу жай курулууда

1-Авг. 2017, Шейшемби

31-июлда Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн экинчи орун басары Ырысбек Ызабеков жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган бир топ жетекчилер шаардын аймагында курулуп жаткан заманбап мал соючу цехке барып, ал жер менен таанышып кайтты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Облус жана шаар жетекчилерин жеке ишкер Абдыкасым Кушбаков тосуп алып, заманбап мал союучу жайдын курулуш иштерин көрсөттү.

"Негизи бүгүнкү күнү шаар жана облус боюнча жакшы бир саамалык болууда. Анткени мындай заманбап мал соючу жай алгачкы ирет курулууда. Мында негизинен жеке ишкерге ыраазычык билдирип кетүү керек. Долбоордун негизинде Айыл банктан 10 миллион доллар акча каражатын алып курулуш иштерин баштаптыр. Мындагы сметанын баасы 16 миллион долларды түзөт. Биз бул жакка келип бир топ көйгөйлөрдү көрдүк. Алсак электр энергиясы жетпейт экен. Бул маселени карап чечип берүүгө аракеттенебиз",-дейт ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!