Интернет колдонууга киргенге чейин адамзат байланыш куралдарынын түрүн ойлоп тапкан: телеграф (1836), алгачкы курулгуларды байланыштыруучу атлант зымы (кабель -1858), алгачкы телефон (1876) .
1957-жылы СССР биринчи спутнигин колдонууга киргизген. Бул кезде АКШ президенти Эйзенхауэр перспективдүү изилдөө долбоорлорунун агенттигин (ARPA) ачуу тууралуу буйрук берген. Бул агенттик бир нече жыл бою компьютерди жалаң гана согуш маалында байланыш түзүү үчүн колдонулуп келген.
Алгачкы изилдөөлөрдү жүргүзгөн доктор Ликлидер 1962-жылы компьютер технологиясын аскердик максатта колдонуу жобосунун башчысы болгон. Ал изилдөө жумуштарына аскердик тармакка шайкеш эмес фирмалар менен университеттерди жыйнаган.
Алгачкы компьютер аркылуу сүйлөшү мүмкүндүгү 1969-жылы болгон. Ал Лос-Анджелес Университети, Стэнфорд изилдөө институту менен Санта Барбара Уииверситетинин арасында жүзөгө ашкан. Лос-Анджелес Университетинин профессоры Клейнрок өз студенттери менен бирге Стэнфорд институтунун компьютерине кирип, бир нече маалымат жиберүүгө аракет кылган.
Алар клавиатура аркылуу «login» сөзүн теришкен. Телефон аркылуу, Стэнфорддогу кесиптештерине маалымат жеткен, жетпегенин текшерип отурушкан. Алардын «L» жана «О» тамгалары көздөгөн жерге туура жетет. «G» тамгасы терүү учурунда байланыш системасы иштен чыккан.
Тескерисинче, жаңы ачылыштын өнүгүү учуру башталат. 1971-жылы АКШда 23 колдонуучусу бар система ишке кирет. 1972-жылы агенттик эл алдына тааныштырылат. 1973 -жылы системага Лондон колледжи менен Норвегиянын мемлекеттик кызматты кошулуп, интернетти өнүктүрүү идеясын колго алышкан.
Биринчи жолу «E-mail» дүйнөгө келет. 1977-жылы интернет колдонуучулардын саны 100гө жеткен. 1984-жылы бул көрсөткүч 10 эсе арткан. Ушудан жыйырма жыл мурда Интернет колдонучуларынын саны 19,5 миллионго жеткен.
“World-Wide Web” (WWW) тиркемеси колдонууга 1991-жылы киргизилген.