​Жоржина Родригес: Эми төрөгүм келбейт

​Жоржина Родригес: Эми төрөгүм келбейт
31-Март 2018, Ишемби, 13:56

«Реал Мадрид» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун ашыгы Жоржина Родригес экинчи балалуу болгусу келбегендигин айтты. Бул тууралуу атактуу модель XL Semanal журналына берген маегинде билдирген. Жоржина Родригес 2017-жылы ноябрь айында Криштиану Роналдуга кыз төрөп берип, атын Алана Мартина деген ысым ыйгарышкан. Жоржин жана Криштиану учурда төрт баланы чоңойтуп жатышат.

Жоржина Родригес “ Мен 10 жылдан кийин деле төрт баланын энеси бойдон калам. Анда балдарым чоңойуп калган болот. Бирок, дагы балалуу болооруму элестете албайм” деп айткан.

Эсиңиздерге сала кетсек 33 жаштагы футболчу буга чейин карын энеден 3 балалуу болгон. Балдардын улуусу 7 жашта болсо, андан кийин 2017-жылы июнь айында Ева жана Матео аттуу эгиздери төрөлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!