Кооптуу аймактан көчүрүү сот менен чечилет

4-Май 2017, Бейшемби

Өкмөт кооптуу аймактардан жарандарды көчүрүү маселесин сот аркылуу чечерин парламенттин бүгүн, 4-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков билдирди.

Вице-премьер-министр Разаков кооптуу аймактарда жашаган тургундарды мажбурлап көчүрүү аракети Өзгөндүн Аюу-Сай айылында болгон жер көчкүдон улам чыгып жатканын белгиледи.

“Аюу-Сай айылынын тургундарына биз эскертип, көчүп кетүүнү өтүнгөнбүз. Бирок аларга ссуда төлөнүп, жер тилкелери да берилгенине карабастан, айылдын аксакалдар кеңеши баш тартып койгон”, - деди Разаков.

Эскерте кетсек, буга чейин кооптуу аймакта жашагандарды мажбурлап көчүрүүгө мыйзам жол берген эмес.

Депутат Иса Өмүркулов өкмөт эскертүү менен гана чектелгенин сынга алып, абал өзгөрбөгөнүн айтты.

Депутат Өмүркулов Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча бардык мыйзамдарды колдоого даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге аткаруу бийлигин бул багытта иштөөгө чакырып, өкмөт кооптуу аймакта жашаган адамдардын тизмесин түзүп, аларды көчүрүүгө тийиш экенин эскертти.

Расмий маалыматтарга караганда жыл башынан бери эки минден ашуун өзгөчө кырдаал катталып, жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!