Катуу шамалда эки кыргызстандык жабыркаган

31-Май 2017, Шаршемби

29-майда болгон Москвадагы катуу шамалда каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бирок, эки жаран жабыркаган.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Ага ылайык, Москвадагы куюнда 33 жана 35 жаштагы эки кыргызстандык жаран жабыркап, шаардагы Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилген. Алардын бирөөсү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин үйүнө жиберилген. Экинчиси ооруканада, абалы орточо оор .

Эскерте кетсек, 29-майда Москва шаарында жана айрым облустарында ылдамдыгы 24 метрден ашкан катуу шамал болуп, куюндан 16 киши каза таап, 150 чамалуу киши ар кандай жаракат алган. Мындан сырткары жүздөгөн чарбалык, инфраструктуралык обьектилерге зыян алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!