Адам баласынын жан дүйнөсүнө жаз тартуулай ала турган касиеттүү нерсе бул – музыка. Мына ушул музыка дартка даба болуп бере алат. Ишенбейсизби? Анда макалага көз жүгүртүңүз.
Музыка стресстен куткарат
Адам стресске кабылганда мээнин кан тамырлары бат-бат кагып, баш чыңалып чыгат. Ал эми мээнин кан тамырлары канчалык жай какса, биз өзүбүздү жакшы сезебиз. Изилдөөлөргө таянсак, мүнөтүнө ыргагы 60 ирет каккан музыка мээнин иштешин жайлатат. Андыктан стрессте жай ыргактагы музыканы угуу жакшы. Мындай музыка эмгекке жөндөмдү арттырып, көңүл бурууну жакшыртып, акырындап адамдын абалы калыптанат.
Угуу керек: мээнин иштешин калыпка салып жана иштешин активдүү кылуу үчүн Моцарттын «Рондо» жана «Кичинекей түнкү серенада» чыгармаларын угуу сунушталат.
Классикалык музыка – маалыматты эстеп калууга өбөлгө
Классикалык музыка бир нерсени эске сактап калууда жардам берет. Ал эми баш оорудан Листтин «Венгер рапсодиясы» менен Бетховендин «Фиделиосу» куткарат. Уйкусуздукту Григдин «Пер Гюнт», Сибелиустун «Кайгылуу вальс» аттуу сюиталары менен айыктырууга болот.
Улуттук музыка ачууланууну басат
Туура дем алуу – ден соолуктун негизи. Мүнөтүнө биз 20-25 жолу дем чыгарабыз. Кокус бир нерседен улам толкундансак, дем алуу, дем чыгаруу батыраак жүрө баштайт. Биз эмоциябызды кармай албай, өзүбүздү албуут алып жүрөбүз. Ал эми терең дем алуу организмге жагымдуу таасир тийгизет. Терең дем алууну шарттоо үчүн улуттук музыканы угуу кажет. Ачууланган адамдын өпкөсүнүн иштеши да жөнгө салынат.
Кан басым оорусуна Бахтын чыгармасы дарыбы?
Музыка жүрөккө жана артериалдык кан тамырга таасир берет. Эгер шаттангыңыз келсе, бат ыргактагы музыканы угуңуз. Эгер эс алып, өпкөңүздү баскыңыз келсе, жай ыргактагыны угуңуз.
Жактырган музыканы угуу менен кандагы лимфоциттерди көбөйтө алабыз. Бул деген организмдин оору менен күрөшүшү жеңилдейт деген сөз.
Жүрөк жана кан тамыр оорусу барлар Бахтын «Концерт ре-минорун», Шопендин «Ноктюрн ре-минорун» жана Мендельсондун «Үйлөнүү маршын» укса болот.
|