Кен казуучу ишкананын котормочусу дарыяга агып кетти

5-Июль 2017, Шаршемби

Чаткалда алтын кендин кызматкери дарыяга агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, 4-июль күнү саат 17-18 чамасында Чаткал районунун Курулуш айылындагы Чаткал дарыясынын ортосундагы аралчага ОсОО “Концлер Аурум” алтын кен казуучу ишканасынын котормочусу Ю. Я. аттуу эркек жарандын сөөгү агып келип, туруп калгандыгын Курулуш айылынын жергиликтүү тургундары көрүшкөн.

Күбөлөрдүн божомолдоосу боюнча аталган жаран сууга агып кеткен болушу мүмкүн.

"Кырсык болгон жерге ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу бүгүн, 5-июлдун таңга жуук саат 04:50дө жетип барышкан. Бирок, аталган Чаткал дарыясынын аралчасында турган сөөк түн ичинде Чаткал дарыясыныяын агып кеткендиги белгилүү болду. Азыркы убакта издөө иштери жүрүп жатат",- деп айтылат билдирүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!