Май ташуучу унаа кулады

11-Авг. 2017, Жума

Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында солярка ташып бара жаткан унаа кулап, 5-6 тонна солярка төгүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 08:30 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 94-чакырымында “ДАВ” үлгүсүндөгү май ташуучу автоунаанын айдоочусу Л.А.Б рулду башкара албай калып, унаа оң капталына кулаган. Натыйжада болжол менен 5-6 тонна солярка төгүлгөн.

“Өрт өчүрүүчүлөр солярканын нугун жолдун четине бурушуп, көзөмөлдөп турушкан. Ал эми окуя болгон жерге жеке менчик кран келип, кырсыкка кабылган унааны тургузган»,- деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!