Аскер жигит унаа уурдоого шектелүүдө

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:09

Ош шаарында аскердик милдетин өтөп жаткан 19 жаштагы жигит унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Төлөйкөн айылынын тургуну Ош шаарына конокко барганда ал жактан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айтып милицияга кайрылган.

“Ош ШИИБнын жана Патрулдук милиция кызматкерлери издөө-иликтөө иштерин жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кылмыш ишине шектелип, Ош шаарынын 19 жаштагы Ш.И. аттуу тургуну кармалган. Кылмыш иши Аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!