Оштун 3017 жашы кандай белгиленет? (майрамдык программа)

2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:56

5-октябрда Ош шаары 3017 жылдык мааракесин белгилейт. Шаар бийлиги калаанын туулган күнүн эки күн бою майрамдайт. Төмөндө шаар күнүнө карата кандай маданий иш-чаралар уюштуруларын сунуштайбыз:

4-октябрь. “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу маданий-массалык иш-чаралар:

1. Мүмкүнчүлүгү чектелүү өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлөргө арналган “Баарына бир дүйнө” кайрымдуулук-маданий акциясы. саат 10:00 -14:00 «Нур» кинотеатры (облустук ички иштер башкармалыгы)

1) Адал жарманкеси. Ош драма театрында. Башталышы саат 10:00

2.“Атам, апам жана мен - ынтымактуу үй-бүлө” аттуу музыкалык-спорттук мелдеш. саат 11:00-13:00 (“Светочь” мектебинин спорттук аянты)

3.Ош шаарынын орто мектептеринин арасында “Баарыбыз бирге” аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу, саат 12:00–16:00 №52 орто мектеби (Ак Тилек)

4. “Исхак Раззаков” атындагы эс алуу багынын ачылышы
Башталышы: саат 17:00 (болжол: "Каныкей" рест)

5. Республикалык “Ак таңдай-2017” - төкмө акындар айтышы
Башталышы саат 18:00 ОУДТ (кирүү акысыз)

5-октябрь. Шаар күнүнүн алкагында өтүүчү иш-чаралар:

1.Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду тосуп алуу аземи саат: 08:30- 09:30 (Ош шаардык кеңешинин жыйындар залы)

2. “Ош Агро- II” айыл-чарба Форумунун расмий ачылышы.
саат 09:00 (Мэриянын кичи жыйындар залы)

3.Ош шаарынын күнүнө карата салтанаттуу аземдин ачылышы.
саат 10:00-12:00 Борбордук аянт

4. “Ош Агро -II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү.
саат 12:00 -12:30 Салтанаттуу ачылыш (болжол "Өчпөс от")

5.“Күз берекеси” айыл-чарба продукциясынын жарманкеси.
саат 12:30 – 13:00 (Айыл чарба техникумунун аянты)

6. “Жибек Жолу” эс алуу багынын ачылышы
саат 14:30 – 16:00 (болжол "Дархан" чайканасы)

7.Ошондой эле майрамдык иш-чаралар "Алымбек Датка", "Раззаков","Ата Түрк","Жеңиш" эс алуу бактарында өтөт. Убактылары: саат 14:00-16-00

8.Ош шаарынын күнүнө арналган Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусундагы гала концерт. 19:00-22:00 (борбордук стадион)

Тарыхый маалыматтарда Ош шаары болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөнү айтылып жүрөт. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин, 1876-жылы шаар деген расмий макамга ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!