Нарында 167 шайлоо участкасында добуш берилүүдө

15-Окт. 2017, Жекшемби, 13:17

Нарын облусу боюнча 167 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдиргендей, алгачкылардан болуп өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарындагы №4067 шайлоо участогунда добуш берди.

Нарын облусундагы айыл аймактарынын саны 63 жана 1 шаар бар. Ал эми жалпы участкалык шайлоо комиссияларынын саны 167. Шайлоо күнү иш алып бара турган операторлордун саны 567. Шайлоо күнү колдонула турган идентификация жабдууларынын саны 314. Ал эми автоматтык эсептөө урналарынын саны 334, АСУ операторлору 334.

384 укук коргоо кызматкерлери, ошондой эле элдик кошуундун мүчөлөрү коомдук тартипти сактоо кызматында.

Жалпы шайлоочулардын саны 161 миң 895. Саат 10.00гө карата шайлоочулардын 6,2% добуш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР