Кыргыз орус өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды

20-Окт. 2017, Жума, 17:56

Кыргыз орус өнүктүрүү фондуна жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фонддун башкармалыгынын мүчөсү Эркин Асрандиев фонддун жетекчиси болуп дайындалды. Мындай токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук Банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун ордуна барган Кубанычбек Кулматов фондду жетектеп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!