Улакчы музду жарып, торпокту алып чыкты (видео)

12-Янв. 2018, Жума, 11:40

Кыш мезгилинде аба ырайынын сууктугуна карабай улакчы жигит музду жарып суудан торпокту алып чыккан видео интернетке тарады.

Тасмада көрүнүп тургандай, улакчылар тартып жаткан торпок сууга түшүп кеткен. Оюндун кызыгына баткан улакчылар тоңгон музду жарып, алардын арасынан аба ырайынын сууктугуна карабастан Куштарбек аттуу улакчы сырткы кийимин чечип, торпокту суу алдынан таап алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Учурда соцтүйүндүн колдонуучулар Куштарбек аттуу жигитке жагымдуу пикирлерди айтышууда.

Ал эми айрым ЖМКлардын жазган маалыматтарына караганда, бул окуя кечээ, 11-январда Бишкек шаарынын “Ак-Бата” жаңы конушунда болгондугу айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!