Мектептерде каникул узартылды

30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:56

Мектеп окуучуларынын каникулу 3-февралга чейин узартылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин аба ырайынын суукташы боюнча божомолун эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги окуу-тарбия процессин убактылуу токтотууну узартуу чечимин кабыл алган.

«Беш күндүк окутуудагы мектептер үчүн үч күнгө – 31-январь, 1,2-февраль; алты күндүк окуудагы мектептер үчүн төрт күнгө – 31-январь, 1,2,3-февраль»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин суук аба ырайыны байланыштуу аталган министрлик мектептерде окутууну 30-январга чейин токтотуу буйругун чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!