Флюрографияга көп түшсө кандай зыян алып келет?

28-Фев. 2018, Шаршемби, 12:48

Флюрографияда рентгенге өпкөнү тартуу аркылуу дарыгерлер андагы ооруларды аныкташат.

Ошондой эле, туберкулезду, суюктукту, шишип кетүү, зыяндуу заттарды, була склерозун, ар түрдүү этиология шишиктерин, сөөк аномалиясын, жүрөк дартын, кабыргалар, ийин жана башка оорулардын диафрагмасын көре алат.

Нурлуу аппарат кандай таасир берет?

Адам текшерүү кезинде иондолгон нурларга учурайт. Бирок бул кубулуш аз гана секунд ичинде жана өлчөмү күнгө күйгөндө алган 2-8 күндүк таасир менен тең келет. Ошондуктан аппараттын детектору өтө сезимтал болот. Бул бейтаптын 10 эсеге чейин нурду өлчөмдү төмөн кабылдоосуна флюрографиянын сапаттуу тартылышына мүмкүндүк берет.

Башка рентгендиагностикалык адистер менен салыштырганда флюрографиянын артыкчылыгы — жашыруун ооруларды изилдеп чыгууга мүмкүндүк берет. Флюрографияны көкүрөк куушунун, сүт бездеринин, сөөк ооруларынын диагностикасын койгондо колдонулат. Флюграфияга тарткан кезде туруктуу жана кыймылдуу (автобус, вагон) кабинеттер колдонулат.

Флюграфия кимдер үчун кооптуу?

Флюрография менен 15 жашка чейинки балдардын өзгөчө жагдайында гана изилдөө жүргүзүүгө болот. Ал эми кош бойлуу аялдарга флюорографиядан өтүүгө таптакыр тыюу салынган. Болгону кош бойлуулуктун 36 жумасынан кийин гана (кооптуу жагдай катталса) изилдөөдөн өтүүгө болот.

Флюорографияга кайдыгер кароо туберкулезду убакытында аныктоого тоскоолдугун тийгизет. Эгер адамда бул оору күчөп кетсе балдарга тез жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле, дарылоодо да кыйынчылыктар келип чыгат.

Канча убакытта бир текшерилип турган оң?

Флюрографиялык текшерүүдөн өтүп туруунун стандарттуулугу жылына 1 жолу гана. Ошентсе да, төмөндөгү бейтаптар жылына 2 ирет өтүүгө туура келет:

– туберкулездук диспансерлердин, санаторийлердин жана башка ооруканалардын кызматкерлери;

– созулмалуу оорулары (астма, оюк жара жана башка) бар пациенттер;

– бала бакча тарбиячылары, мугалимдер жана башкалар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!