​Кадамжайда 2 миң түп гүл отургузулду

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:56

Кадамжай шаарынын борбордук көчөлөрүнө 2000 түп гүл көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Баткен облусунун аймагында “Таза жашоо” ураанынын астында жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрктөндүрүүнүн, санитардык жактан тазалоонун үч айлыгын өткөрүү боюнча буйругунун алкагында өткөрүлгөн. Анда Кадамжай районунун 80 жылдыгына карата отургузулуучу гүл көчөттөрдүн санын 10 миңге жеткирүү пландалган. Ошондой эле бүгүнкү күнгө шаар көчөлөрүнө 300 түп арча көчөттөрү отургузулду.

Белгилей кетсек, бул сыяктуу көрктөндүрүү, жашылдандыруу жумуштары райондун бардык аймактарында жүрүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!