Жөлөк пул маселеси парламентте талкууланды

29-Март 2018, Бейшемби, 17:30

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөк пул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда. Мыйзам долбоорун 1-окуудагы кароодо бир катар депутаттардын сунуштарынан кийин мыйзам долбоорунда жыйынды кирешеге пенсиянын ар кандай түрлөрү кошулбастыгы белгиленген. Мындан сырткары "балага жөлөк" – 1,5 жашка чейинки ар бир баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул белгилөө каражат маселесинен улам мыйзам долбоорунан алынып салынган.

Талкуу учурунда депутат Алтынбек Жунус уулу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тандоо критерийлерине кантип аныкталаарына кызыкты. КР эмгек, социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова кыйыр түрдө баалоо жүргүзүлөөрүн, анда үй-бүлөнүн мал жандыгы, автоунаа, айыл чарба техникасынын бар-жоктугу, айлык акысы жана пенсия эске алынып келгендигин билдирди. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда пенсия жыйынды кирешеден алынып салынууда.

Республика Ата-Журт фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев жыйынды кирешеден пенсия алынып салынганы чоң жетишкендик катары баалап, майып балдарын баккан атага же энеге жөлөкпул төлөө боюнча көрүлүп жаткан чараларды сурады. Министр Т.Исакунованын айтымында, майып балдарын баккан атага же энеге эмгек акы катары төлөм төлөө маселе боюнча өкмөттүн токтом долбоору иштелип чыкты. Бир катар депутаттар пенсияны жыйынды кирешеге кошпоо жер-жерлердеги шайлоочулардын өтүнүчү болгондугун, аны мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар тобу жүзөгө ашырып жаткандыгын баса белгилешти.

Депутат Айнура Осмонова баштаган бир катар эл өкүлдөрү жөлөкпул алуучулардын тизмесин керектүү жерлерге илиниши керектигин сунуш кылышты.Ошондой эле, “сүйүнчү пулду” берүүнүн механизмин жөнөкөйлөштүрүү керек экени да айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору тармактык комитеттин корутундусу менен 2-3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!