Кыргызстанда орточо айлык 15 миң сом

11-Ноя. 2017, Ишемби, 15:06

Кыргызстанда орточо айлык акынын көлөмү 14 миң 814 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.

Маалыматка караганда, айлык маяна жыл башынан бери 6,4 пайызга жогорулаган. Өткөн жылы декабрь айында орточо айлыктын көлөмү 13 миң 277 сом болгон. Бирок 2017-жылдагы 9 айдын ичиндеги инфляцияны эсепке алганда айлык төлөмдөрүнүн орточо эсебинин өсүшү 3,3 пайызды гана камтыган. Ал эми өткөн жылы январь-сентябрь айларынын аралыгында айлык акынын реалдуу өсүү деңгээли 9,3 пайызды түзгөн болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!