Бостериде балык саткан жаран кармалды

9-Янв. 2018, Шейшемби, 10:45

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын «Ярмарка» базарынан мыйзамсыз балык сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын Чолпон-ата, Балыкчы, Ыссык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда, Корумду айылынын тургуну М.К аттуу жаран 40 даана сига балыгын сатып жаткандыгы аныкталган. Аталаган жаран инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, Ички иштер кызматкерлик күбөлүгүн көрсөтүп(пенсионер) каршылык көрсөткөн.

Буга байланыштуу укук коргоо органдары тартылып, М.К аттуу жарандын балыктарды мыйзамсыз сатып жаткандыгы аныкталган.

"Жеринде укук коргоо органдарынын катышуусунда тийштүү кагаздар толтурулду. Ал эми каршылык көрсөтүп, Инспекторлордун талаптарына баш ийбеген жаранга байланыштуу материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Ысык-Көл райунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, мыйзамсыз браконьерликти жоюу, алдын-алуу максатында өлкө боюнча рейддер жүрүп жатат. Браконьерлерге каршы иш аракеттер атайын даярдалган аттар, унаалар жана моторлуу кайыктын жардамы менен ишке ашууда. Аталган иш-чаралар Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун атайын буйругунун негизинде жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!