​Россия жөнөтүлгөн жаңгак артка кайтарылды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 15:15

Россияга фитосанитардык коопсуздугун ырастаган тиешелүү документтери жок ташылып бара жаткан жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Россиянын айыл чарба продукцияларын көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын январынын башында “Карасук” фитосанитардык постунда Кыргызстандын жалпы салмагы 4 тонна болгон эки партия жаңгагы фитосанитардык коопсуздугун ырастаган тиешелүү документтери жок ташылып бара жатканда кармалган. Кармалган товар кайра артка кайтарылган.

Кармалган жаңгак Новосибирск жана Кемерового ташылып бара жаткан.

Эскерте кетсек, крантиндик мыйзамдардын талаптарына ылайык Россиянын аймагына жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги продукцияларды ташууга тыюу салынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!