Температура -17…-22 градуска чейин төмөндөйт

27-Янв. 2018, Ишемби, 10:35

Бүгүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө -12…-17 градус суук болсо, Чүй облусунун түндүгүндө -14…-19 градуска чейин төмөндөйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -2…-7 градуска жетет. Ысык-Көл ойдуңунда болсо -4…-9 градусту түзөт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо абанын температурасы -17…-22 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы -18 градуска чейин суук болот. Ош шаарында болсо 4 градус нөлдөн төмөн болушу айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!