Белгилүү акын Мирлан Самыйкожо кыздуу болгонун анык чыгармачыл чөйрөдөгү калемдештери билдиришти.
Акындын кызы 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө кечки саат тогуз жарымда төрөлгөн. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. Буга чейин акын бир уул бир кыздуу болгон.
Мирлан Самыйкожо 2006-жылдан бери КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү. Республикалык деңгээлдеги Ж.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.