Кыргызстанда кайсы унаа популярдуу?

8-Ноя. 2017, Шаршемби, 14:38

Британиянын “Park Indigo” компаниясынын эксперттери дүйнөнүн 25 өлкөсүнүн базарын анализдеп, эң популярдуу унаалардын рейтингин чыгарды.

Изилдөөгө ылайык Казакстан жана Кыргызстандын айдоочулары “Toyota Camry” унаасын жактырары белгилүү болду.

Өзбекстанда эң популярдуу унаа катары “UZ-Daewoo Nexia” аныкталса, Түркмөнстан “Mercedes C-Class” унаасына маани берери маалым болду. Ал эми Тажикстан рейтингде көрсөтүлгөн эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!