260 миң долларлык “Ferrari”ни талкалады

20-Март 2018, Шейшемби, 14:08

Британиялык ишкер Захид Хан өзүнүн "Facebook"тагы баракчасына полиция кызматкери анын “Ferrari 458 Spider” үлгүсүндөгү 260 миң ден ашык доллар турган унаасын талкалаган видеосун жарыялады.

Өткөн жылдын май айында спорткарды полиция кызматкерлери токтотушкан. Анын рулунда 30 жаштагы британдык ишкер Захид Хан болгон. Укук коргоо органдары унаага тийиштүү документтерди көрсөтүүсүн өтүнгөндө ал баш тарткан. Андан кийин “Ferrari” автоунаасы Бирмингем шаарындагы сот имаратынын алдындагы унаа токтотуучу жайга токтотулуп, ал эми анын ээси - полиция бөлүмүнө алып келинген. Окуя Англиянын батышындагы Уэст-Мидлендс графсствосунда катталган.

Бир ай өткөндөн кийин Захид Хан тийиштүү документери менен сотко келген. Бирок унаасын ал жактан таба алган эмес. Анын айтуусу боюнча ал Улуу Британиянын Жогорку сотуна кайрылып компенсация кестирип алаарын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!