Үч ирригациялык канал пайдаланууга берилет

24-Май 2017, Шаршемби

Үстүбүздөгү жылы өкмөт өлкө ичиндеги 11 ирригациялык объекттерди калыбына келтирүү аракетин көрөт. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган 11 ирригациялык курулуштун төртөө ушул жылы пайдаланууга берилет. Анын үчөө өлкө бюджетинен каржыланат. Алар Кадамжай районундагы Кара-Кыштак каналы, Жумгал районундагы Баш-Кууганды каналы, Кара-Кулжа районунда Терек каналы.

“Булардын көпчүлүгү Союз тарагандан бери пайдаланылбай турат. Айрымдарынын курулуш ишинин 70 пайызы гана бүткөн. Эгер ушул 11 ирригациялык курулуш бүткөрүлсө 1 миң 90 гектар айдоо жерге суу жетип, 4 миң 200 жаран жумуш менен камсыз болот. Бул каналдардын жалпы узундугу 27 миң чакырымды түзөт”,-дейт Таштаналиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!