2-апрель дүйнөдө аутизм көрүнүшүнөн жабыркаган балдарга көңүл буруу күнү катары белгиленет. Коомдо көп сөз боло бербеген дарттын бири- аутизм. Аутизм- бул ааламдашуудагы карым-катнаш жетишсиздигине алып баруучу мээнин кызматынын бузулуусу.
АКШда ар бир 88 баланын бири ушул дартка чалдыгат. Кыргызстанда дагы балдардын аутизм маселеси абдан курч көйгөйгө айланып келе жатканын адистер белгилешүүдө. Аутизмдин эмнеден келип чыгаарын азыркы медицина так аныктама бере албай келет. Себеби, бул дартты так аныктап, диагноз койгон адистер аз. Тубаса түнт, адамдар менен сүйлөшпөгөн балдардын акыл-эси жана дүйнө таанымы кадимки адамдардыкынан айырмаланат. Алардын арасынан Эйнштейнге окшош генийлер дагы чыгат дешет адистер.
Элибизде бул оору тууралуу маалымат аз, ал эми дарт менен күрөшүп жүргөндөр көп. Аалам боюнча 67 миллион адам аталган дарт менен алпурушат.
Аутизм – адамдын сырткы дүнүйөдөн оолактап, өзү менен өзү болуп, ичтен сары убайымга салынган абал. Аутизм дарты төрөлгөндөн кийинки үч жылдагы нерв системасынын өнүгүшүнүн бузулушу деген божомолдор да айтылып келе жатат. Бул дартка диагноз койгондор төмөндөгү белгилерине көңүл бурушкан: дартка кабылган кишилерде социалдык карым-катнаштын жетишсиздиги байкалат, башкалар менен пикирлешип, байланыш түзө албайт, жүрүм-турумунда, кызыгууларында чектөөлөр болот. «Аutismus» термини швейцариялык психиатр Эйген Блейлер тарабынан 1910-жылы киргизилген. Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 2-апрель аутизм боюнча маалымат таратуунун күнү катары белгиленип жүрөт.
Аутист балдардын эске сактоо жөндөмдүүлүгү жогоруу болот. Математика жана музыкага шыктуу, бир нече тилдерди үйрөнүп кетүүсү да мүмкүн. Бирок бул касиеттер адаттагы жашынан кийичерээк байкала баштайт. Ошондуктан мындай балдар атайы интернаттарда эмес, кадимки окуу жайларда тарбиялануусу кажет.
Аутизм – баланын коомдук чөйрө менен эч кандай байланышы жок экенин билдирген оорулардын оор түрү болуп саналат. Симптом иретинде аутизм көптөгөн психикалык ооруларда кездешет, бирок кээ бир жагдайларда эрте жаштан байкалып, баланын өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Бул учурду эрте балалык аутизм синдрому дейт. Ал болсо психикалык өнүгүүнүн закымдашынан улам келип чыгат. Ошону менен бирге баланын денесинде аутизмдин кээ бир клиникалык көрүнүштөрү байкалса аны аутистикалык жеке касиеттер деп аташат. Накта симптом ирээтинде 2-3 жашка чейин калыптануусу мүмкүн.
Аутизм оорусунун пайда болушунун себептеринин дагы бири бул тукум куучулук. Тукум куучулук хромосомалык өзгөрүштөр, зат алмашуунун өзгөрүшү, эне кош бойлуу жана төрөт маалында алган жаракаттар, нейроинфекциялар жана башка жагымсыз нерселер таасир берүүсү ыктымал.
Аутист бала төрөлгөн кезде өзгөчө болот, тамак сурап ыйлай бербейт, жалаяк сууланса жана бир жери ооруса сезбейт. Чоңойгон кезде эч нерсеге кызыкпайт, кээ бир сөздөрдү же сүйлөмдөрдү түшүнө албай, кайталай берген учурлар да кездешет. Жакын адамдар жана энеси менен байланыш симбиотикалык, ошондуктан жакын адамдарды түшүнүү, аёо, көнүү деген түшүнүк жок болот.
Аутист бала эрке, тартипсиз сыяктуу таасир берет, бирок диагнозду эрте аныктап баланы дарылап, айыктырууга болот.
Адистер аутизмдин 10 түрү бар деп айтшат. Ар кайсы оору баланын психикалык өзгөчөлүгүнө карай дарыланат. Бул дартка чалдыккан кээ бир балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жогору болот. Ошонун ичинде аутист окумуштуулар да бар. Бул жагдайды дарыгерлер жогоруда айтылган психикалык өзгөчөлүккө байланыштырышат.
Америкалык психиатр Лео Каннер аутизм менен ооруган балдарды төрт топко бөлөт. Биринчи жана экинчи сыпаттар кыз балдарда кездешет. Алар эч нерсеге көңүл бурбай, адамдардан коркуп, кача берүү, ыйлоо, чаңыруу, өзү менен өзү отуруп күбүрөнүү, адамдын көзүнө тике карабай, кээде агресивдүү мүнөз көрсөтөт..
Адистердин ою боюнча аутизм менен ооруган балдардын тарбиясы бүдөмүк болот жана атайы дайындык талап кылат. Аутизм менен ооруган балдар эң оор дефектиси таанып билүү жөндөмдүүлүгүнүн өнүкпөгөндүгүндө. Мээ оорусуна байланыштуу кабылдоо процессинде, эске сактоо, сүйлөө, жооп берүүдө олуттуу чектөө болуп турат.