Жүзүм организмди токсиндерден тазартып жана жашартуучу касиетке ээ. Жүзүм – даамдуу гана болбостон, ошону менен пайдалуу дагы. Адамзат жүзүмдүн дарылык касиетин көп жылдардан бери билип келишкен.
Жүзүм адам организмине керектүү А, В,С витаминдерине, калий, кальций, темир, фосфор сыяктуу минералдарга жана протеиндерге бай. Бул жемишти көптөгөн оорулардын алдын алуу үчүн пайдаланууга болот. Ал дем алуу жолдору менен өпкөнүн абалын жакшырткандыктан астма оорусуна пайдалуу. Жүзүм кан курамындагы азот оксидин улгайтып, кандын уюп калуусуна жол бербейт. Ушундайча жүрөк талмасын болтурбоого салымын тийгизет. Жемиштин бул түрү ич катканда, тамак сиңбей жатканда жардам берет.
Ак жүзүмдүн ширеси организмди темир менен байытып, чарчоону жазат. Кызыл жүзүм сүт безинде зыяндуу шишикти пайда кылбайт. Жүзүмдүн бул түрү антибактериалдык таасири менен белгилүү. Ар түрдүү инфекциядан коргойт. Бир кызыгы картайганда пайда болчу көптөгөн дарттарды ушул жемиштин жардамы менен жеңүүгө болот экен. Мисалы, анын курамындагы флавомоиттер көздүн көрүүсүн жакшартат.
Ашыкча салмактан арылгысы келгендерге жүзүмдү көбүрөөк жеген оң дешет диетолог адистер. Анткени ал зат айланууну ирээтке келтирет. Заара чыгаруучу касиетинин аркасында бөйрөгүндө ташы бар адамдарга да тийгизген пайдасы көп. Ал эми кант диабети менен ашказан жарасы барлар жүзүмдөн баш тарткандары жөн.
Жакында америкалык окумуштуулар кара жүзүм ширесинин жүрөк ооруларына каршы антикансерогендик таасири бар экенин тастыкташты. Кара жүзүм ширесинин кан уюшуна “свертывание крови” да каршы касиетке ээ экенин аныкташкан. Жоржтоун университетинин окумуштууларынын бири дарыгер Жан Е. Фридман эки жума бою жыйырма адамга күнүнө эки чыныдан күлгүн жүзүм ширесин берген. Натыйжасында кандагы Е витамини 13 пайызга, кан плазмасынын жалпы антикансероген өлчөмү 50 пайызга көбөйгөн. Буга кошо, текшерүүгө алынгандардын канындагы уюган кандын тагыраагы варикоз оорусу дагы жакшырганы аныкталган.