Иммунитет төмөндөгөнүн кантип билебиз?

12-Янв. 2018, Жума, 13:36

Кышы бою витамин аз пайдалангандан улам жаз келгенде адам организми алсырап, иммунитети төмөндөп, витаминдерди талап кыла баштайт. Иммунитеттин төмөндөгөнүн кантип билүүгө болот?

Иммундук системанын начар жумуш иштей баштаганын билдирген беш белгини биле жүрүңүз.

– Бир жыл ичинде 10 жолудан көп сасык тумоолосоңуз, суук тийип оорусаңыз.

– Чачыңыз көп түшүп, муундарыңыз какшап, тамагыңызда бир нерсе турган сыяктуу болсо.

– Ар дайым алсыз, чарчап турган абалда болсоңуз. Керек болсо жаңы гана уйкудан ойгонгон кезде да алсыздыкты сезип жатсаңыз.

– Эриниңизде учук пайда боло берсе. Учук организмдеги вирустардын көбөйүп кеткенин билдирет, ал эми иммунитет вирустардын көбөйүп кетпешин көзөмөлдөйт.

– Сасык тумоого кабылсаңыз, ооруп, төшөк тартып жатып каласың.

Мунун баары иммунитеттин алсырап калганынан кабар берет.

Ушул айтылган жагдайлардын бирин өзүңүздөн байкасаңыз иммунологго көрүнүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!