АКШ ааламды “глобалдуу муздатууга” даярданууда

1-Апр. 2017, Ишемби

Америкалык окумуштуулар тарыхта болуп көрбөгөндөй жер шарын муздатуу тажрыйбасын жасай тургандыгы туралуу “ Naked Science” кабарлады.

Гарвард университети стратосферага микро бөлүктөрдү 20 км бийиктиктен чачыратуу иштери үчүн 20 млн доллар бөлүндү. Ал күндүн нурларын жарым-жартылай тийгизет. Бул долбоор 2022-жылы ишке кирет.

Алгач ал суу буусу жана бор (кальций карбонаты) бөлүкчөлөрү болот, бирок кийинчерээк алюминий оксиди же атүгүл кичинекей алмаз материалдарын пайдаланууга мүмкүн болмокчу. Алардын жардамы менен окумуштуулар жердин климатын глобалдуу муздатуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Дэвид Кейт жана анын кесиптештеринин изилдөөсүндө механизмдин моделин иштеп чыгышмакчы. Мисалы, бир жанар тоо атылып, механизм ишке кирип абанын температурасынын төмөндөшүнө алып келет. 1991-жылы Пинатубо жанар тоосунун атылышы температуранын глобалдык төмөндөшүнө 0,5 C алып келген.

Эгерде бул ыкма жашоодо колдоно турган болсо анда кылдат изилдеп, иликтеп чыгуу керек. Себеби жанар тоонун активдүүлүгү атмосфераны булгап, өсүмдүктөр, жаныбарлар жана адамдардын өлүмүнө чейин алып келген көптөгөн мисалдарды келтирсе болот.

Гарварддагы тажрыйбалар глобалдуулукту камтыбайт жана катуу көзөмөл астында ишке ашырылат. Окумуштуулардын эсептөөсү боюнча бул теориялык жактан караса температуранын жогорулашына каршы келет. Ошондой эле альтернативдүү ыкмаларга караганда бул ыкма алда канча арзан турмакчы - 10 млрд доллар жыл сайын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!