Жакыр үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 15:24

Кечээ, 9-январь күнү Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Сүлүктү шаардык хатибияты “Итар” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 15 жакыр үй- бүлөнүн ар бирине 10 каптан көмүр таратып берди. Бул тууралуу казыяттын маалымат кызматынан билдиришти.

Шаардын баш имам хатиби Артыкбай Мадаминовдун айтымында, бул кайрымдуулук муктаждардын жүздөрүнө кубаныч тартуулап, ыраазычылыктарын билдиришти.

“Бүгүн биз баасы 24 миң сом түзгөн жалпы көлөмү 7,5 тонна көмүр тараттык. Сүлүктү хатибияты мындан ары да жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү улантат”,- дейт Артыкбай Мадаминов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!