Соода сатык жайлары текшерүүгө алынды

10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:48

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы жол боюнда жайгашкан соода сатык жайларын ирээтке келтирүү боюнча текшерүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспециянын адистери Шабдан-Баатыр көчөсүндө жайгашкан соода-сатык жайларынын мыйзамдуулугун текшерүүгө алышты. Анын жүрүшүндө кызыл тилкеден чыккан мыйзамсыз курулуштар аныкталган жок. Бирок Көк-Жар айылындагы Шабдан –Баатыр көчөсүнүн көркүн бузган курулуштар көп экени текшерүүдө аныкталды. Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, аталган курулуштардын тийиштүү уруксаат кагаздары бар, айрым курулуштар убактылуу, айыл өкмөт менен болгон келишимдин негизинде орнотулган.

Ал эми соода-сатык кылган жарандар жеке менчик жер тилкесинин аймагында жүргүзгөнү белгилүү болду. Мыйзамга ылайык соода-сатык кылууга, убактылуу соода курулмаларын орнотууга уруксатты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишимдин негизинде беришет. Андыктан аталган аймакты көрксүз курулуштардан тазалоону биринчи кезекте Көк-Жар айылынын аймактык башчылары жүргүзүш керек. Эгерде Көк-Жар айылынын Шабдан-Баатыр көчөсүндө мыйзамсыз курулуштар жайгашкан болсо,

Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан курулуштарды буздурууга тез арада чаралар көрүлөөрү баса белгиленди. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Аламүдүн райондук аймактык башкармалыгына Көк-Жар айылындагы Шабдан-Баатыр көчөсүн көрктөндүрүү, ирээтке келтирүү боюнча сунуш каттарын жиберүү чечими кабыл алынды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!