Сонун Абдиева: "Мэр бизден уялып Ош базарын оңдогон"

6-Апр. 2018, Жума, 16:09

Алыскы Ак-Талаа районунда ак элечек апалар түптөгөн “Акмөөрдүн сиңдилери" деген топ бар экенин баарыбыз эле билсек керек. Кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына, тарыхына өзгөчө маани берип, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келет. Бул топтун негиздөөчүлөрүнүн бири “менин арамда партиянын кызматкерлери, исполкомдун замы болгондор да бар. Биз баарыбыз партиянын тарбиясын алып патриот өскөнбүз” - деген жетимиш алты жаштагы Сонун Абдиева апабыз кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүп, zaman.kg сайтына маек куруп берди.



- Сонун апа алгач топтун тарыхына кайрылсак. “Акмөөрдүн сиңдилери” элдик тобу качан, ким тарабынан түзүлгөн?

- 2001-жылы өзүбүз эле апалар чогулуп алып ырдайлы дегенбиз. Небере багып эле жата бергенде болбойт, баарыңар пенсияга чыгып келатасыңар деп сүйлөшүп чоң энелерден турган топ түзүүнү туура көрүп, ырдай турган чоң энелерди чогулта баштадык. Анан топтун атын коюну сүйлөштүк. Ак-Талаадан Ак-Мөөр деген сулуу апакеңер чыккан. Ошонун атынан “Акмөөрдүн сиңдилери” деген атты коюп алып 18 жылдан бери ырдап келатабыз. Азыркы учурда биздин топто 15 мүчө бар. Кароо сынактарга калтырбай катышып келебиз. Жумамүдүн Шералиевдин жүз жылдыгына арналган кароо-сынакта “Жашоо кумары” деге вокалдык номерди аткарып гран-прини алганга жетиштик.

- Акмөөрдүн сиңдилеринде эң улуусу жана эң кичүүсү канча жашта?

- Эң улуусу жетимиш жетиге кадам койду. Ал эми кичүүлөрү алтымышка жакындап калды. Көпчүлүгү жетимиштен өтүп калган байбичелер. Биз эки жылдан бери жаштарды кошуп толуктап келатабыз. Алар деле кичине кезинен баштап комуз чертип, музыка мектебинен тарбияланып, Нурак Абдрахмановдон сабак алган. Ошол кыздарыбыз азыр орто байбиче болуп алтымышка келип, балдарын үйлөнтүп кыздарын турмушка берип калды.

- Каржы жагынан кандай болуп атат? Кийим-кечек алыш керек. Анын баары акча дегендей...

- Кийим кечек дегенде азыр апалардын он сыйра кийими бар. Мисалы эки жарым сааттык концерт берсек бир номерди аткарганча аскер адамдарындай эле ыкчам түрдө экинчи номерге даяр болуп чыга калабыз. Каражат жагынан анча-мынча демөөрчүлүк кылып райондун жетекчилери, акимдер баратканда жакшы барып келиңиздер, келатканда жакшы келиңиздер деп жакшы сөзүн айтып, барып келүүбүзгө шарт түзүп жардам берип келет. Бирок кийим жагынан эч кандай каржылоо жок. Жол кирени да өзүбүз төлөйбүз. Мисалы Ак-Талаадан Бишкекке келип кетиш үчүн миң сом, жолдо чай ичип калсак беш жүз сом. Ошентип отуруп бир жарым миң сомдон ар бир он беш киши өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз.


- Маданият министрлиги жардам көрсөткөн жокпу?

- Бардык нерсе акчага барып такалат эмеспи. Маданият министрин кыйнагым келбейт. Мисалы мен маданиятка эмгек сиңирген ишмерин. Кесибим болсо мугалим. 1964-жылы университетти бүтүп он беш жыл мугалим болуп иштедим. Андан кийин райондо маданият бөлүмүн тейлеп калдым. Мына эми Акмөөрлөр менен он сегиз жылдан бери жүрөм. Баш-аягы отуз тогуз жыл маданият майданында иштейм. Илгери телевидение, кароо –сынакка чакырса тамагы, жол киреси бекер тумуш болгон. Эми ал жаштар үчүн жомоктой сезилет. Биз аны көргөнбүз. Азыркы кырдаалга жараша биз ар кимден акча сурап кыйнагыбыз келбейт. Бардыгынын тең “маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгилери бар. Баатыр энелер. Ушунча иштеп мамлекеттен айлык алып анан бизди каржылап тур деген талап бизде жок. Колубуздан келген жерге өзүбүз кете беребиз.

- Чет-өлкөлөргө да чыгып өз өнөрүңүздөрдү тартуулап турасыздарбы?

- Былтыр Түркияга барып келгенбиз. Бартын деген шаарында фестиваль өткөн. Он күн жүрүп келдик. Ал жакка чакырылганда жол кирени өзүбүз төлөп барып келдик. Бирок жатканыбыз, ичкенибиз, экскурсия кылып, мисалы үчүн Түркиянын Стамбулга токтоп Сулеймандын жүргөн жерлери жана бир топ кооз жерлерди кыдырганыбыз бекер болду. Унаасын даярдап алып жүрүшөт. Ошондой эле Венгрия, Германия, Франция мамлекетине баруу да планыбызда бар болчу. Чакыруу алганбыз. Бирок Москва шаарына билет алып алганыбызга байланыштуу баш тартууга туура келди. Быйылкы жылы Москва шаарына барып жердештерибизге жолугалы деп камданып жатабыз. 19-апрелде учабыз. 21-апрелде концерт болот. 26-апрелде кайра бери карай учабыз. Ошол убакыттын ортосунда Санкт-Петербург шаарына да барып, эки-үч күн жүрүп байбичелерди эс алдырып келейин деген пландар бар. Андан кийин Көчмөндөр оюну башталат. Ал жакка өзүбүздүн атыбыздан боз үй тигебиз.


- Сиздер алтымыштын кырын ашып, жетимишке жетейин деп калганыңыздарга карабай, элге майрам тартуулап, жер кыдырып ырдап жүрөсүздөр. Эң негизги максаттарыңыз эмне?

-Биздин максатыбыз мамлекетке пайда келтирип, жат көрүнүштөрдү сын көз менен карап балдарга туура тарбия берүү. Ушул жашоодо ар кандай адамдар бар экенда. Ата-энесин бакпай коюп аткан балдар бар. Ушунун баарын интермедия менен чагылыштырабыз. Мисалы Нарындан Бишкекке келиш үчүн азап-тозокту тартып журчүбүз. Интермедия менен чагылдырып жүрүп Нарындын жолу оңолду. Кытай, Торугартка жол кетип атат. Мына “Ош базардын” тегерегинде 18 жыл мурун чымындар тегеренип учуп жүрчү. Мына ошону туурап бирибиз чымын, бирибиз соодагер болуп аткарган интермедияны ошол убактагы мэр Арстанбек Ногоев деген телевизордон көргөн экен. Ошол киши Ак-Талаанын байбичелерине уят болбоюн деп мэр Ош базарды оңдогон. Ооруканада да көйгөйлөр өтө көп. Тез жардам чакырсаң келбейт. Анан бир байбичени төрөп аткан келин кыла коюп, аны арабага отургузуп ооруканага төрөткөнү бара жатабыз деген интермедияны иштеп чыгып, жалпыга жеткизип келдик.


-Сиздердин жолуңуздарды улайм дегендер да бар болсо керек?

-Акмөөрдүн сиңдилерин дагы эки топ коштоп атат. “Аялзат” жана “Соң-Көл периси” деген. Жигиттерден “Калыйдын урпактары, “Мусанын урпактары" деп неберелери чыгып атат. Биз баштап берип, азыр Ак-Талаада үч-төрт жамаат пайда болду. Бирок биз эл аралап кыдырып иштегенибизди Өкмөт, маданият министри жогору баалап, “элдик” деген наамды 2005-жылы алганбыз. “Нарындын ардактуу атуулу” деген наамдарыбыз да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!