​“Атанын керээзи” тасмасы байге алды

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:39

“Атанын керээзи” тасмасы Барселонада өткөн фестивалда байгеге ээ болду. Бул тууралуу тасманын режиссеру Дастан Жапар уулу билдирди.

Анын айтымында “Атанын керээзи” тасмасы Барселонада өткөн V Азия кино фестивалында “Мыкты режиссердук эмгек” үчүн байгесине татыды.

2-ноябрда башталган фестиваль 12-ноябрда жыйынтыкталды. Фестивалга 100дөн ашуун фильм катышты.

Эскерте кетсек, “Ата керээзи” тасмасында башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон. Тасма “Кыргызфильм” жана “Элфильм” студияларында тартылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!