Аюу менен сүрөткө түшөм деп каза тапты

5-Май 2018, Ишемби, 10:27

Индияда аюу менен сүрөткө түшкөнү келген айдоочуну жара тартып салды. Бул туурасында "Odisha Sun Times" басылмасы жазып чыгарды.

Прабху Бхатара, Орисса штатында болгон тойдон, конокторду алып келе жаткан айдоочу жол жээгинде турган аюуну көрүп токтогон. Машинадан чыгып, жаныбар менен сүрөткө түшөм дегенчекти, аюу аны жерге чаап, жара тарткан.

Бхатараны сактап калуу үчүн машинанын ичиндеги адамдар болгон буюмдарды аюуну көздөй ыргытышкан. Алар жаныбарды качат деп ойлошкон.

Бирок жаалданган аюу токойду жаңырта айкырган. Машинанын ичиндеги адамдар, токойчуларды жардамга чакырганча айдоочу жан берген.



Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!