Бир үй-бүлөгө бир бала системасы дүйнөлүк болобу?

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:48

Калктын көбөйүүсүнө тыюу салган Кытайдын тартибин бүткүл дүйнөгө киргизсе эмне болмок?

Планетанын калкы улам көбөйүүдө. 2050-жылга чейин дүйнө элинин саны 9 миллиардга жетери болжолдонууда. Дүйнөнүн чектүү булактарын мисалы жумуш орду, мүмкүнчүлүк жана медициналык муктаждыктарды эске алганда 9 миллиард адам дүйнө үчүн чоң тобокелчилик алып келери анык.

Андан улам калктын көбөйүүсүн кандайча жайлатууга болот деген ойлор келип чыгат. Калктын санын кыскартуу үчүн сунушталган пикирлердин бири Кытайдын бир бала саясаты. Бул колдоого алынары мүмкүн эмес. Антсе да бул боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

10. Коомдо гендердик теңсиздик болот

Андай болсо бир топ өлкөдө аялдар экинчи топтогу жарандар катары эсептелет. Иштебейт, унаа айдабайт жана үй-бүлө кургусу келгенин ачык айта албайт. Жубайларга бир балага гана уруксат берилсе кыз балдардын саны олуттуу түрдө кыскарат. Кытайда мындай мыйзам чыгары менен бир топ кыз бала жок кылынган.

9. Бала уурдоо жана адам сатуу көбөйөт

Кытайда болгон сыяктуу эле уурдоо, зомбулук күчөйт.

8. Бойдон алдыруу ашыкча болот

Өзгөчө кыз балдарын бойдон алдыргандар көбөйүшү толук мүмкүн.

7. Аялдар күчтөнмөк

Азыркыга чейин айтылгандар аялдар үчүн жаман болсо, бул сап тескерисинче аларга жакшы. Аялдардын санынын азайганы эркектердин арасында атаандаштыкты жаратат. Билимдүү аялдар коомчулукта өзүнөн-өзү алдыга чыкмак.

6. Чакан императорлордун мууну түзүлмөк

Ар бир үй-бүлөдө бирден гана бала болгону ушундай абалга алып келери ыктымал.

5. Бюрократияда өзгөрүүлөр болот

Дүйнө эгер бир бала саясатына маани берсе өзгөчө мыйзамдар кабыл алынып, бир топ өзгөрүүлөр киргизилет.

4. Аесуз жазалар

Экинчи ирет кош бойлуу болгон аялдардын бойдон алдырууга мажбурлоо аесуз жазалардын бири.

3. Коомдук системада башаламандыктар көбөйөт

4-2-1 көйгөйүн укпаган болсоңуз ага аныктама берели. Кытай башынан өткөргөн маселе бар. Үй-бүлөдө 4 адам, бул жубайлардын ата-энелери. Алардын балдары үйлөнүп, 1 баласы болот деген маанини түшүндүрөт. Бул да экономикалык жана социалдык жактан бир топ кыйынчылыктарга алып келет.

2. Дагы да жакшы дүйнөнүн пайдубалын түптөгөндөй

Бардык терс жактары тууралуу айткандан кийин оң жактары тууралуу айтууга туура келет. 2014-жылы болгон иликтөөгө ылайык төрөттүн аз болушу бай мамлекеттердин экономикасына өнүгүүгө алып келерин көрсөттү.
1. Акыры жок болууга алып келет

Барган сайын калктын азаюсу дүйнөнүн соңуна келүү деген түшүнүктү алып жүргөнсүйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!