Социалдык тармактардын башкы көйгөйү айтылды

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 12:13

“Apple” корпорациясынын жетекчиси Тим Кук “NBC” телеканалына берген маегинде социалдык тармактардагы башкы маселелерге токтолду. Конгрессте угууларга байланыштуу суроолорго ал саясий жарнамаларды таратуу бул маселенин аз гана бөлүгү экенин, элдин оюн өзгөртүүгө жасалган аракеттер кооптуу болорун белгилеген.

“Чет элдик өкмөттөр тарабынан жасалган жарнамаларга ири маселе экенине ишенбейм. Бул көйгөйдүн 1 гана пайызын түзөт. Мындай куралдар адамдарды бөлүүгө, көп сандаган жалган маалыматтарды таратуу аркылуу элдин оюн өзгөртүүгө пайдалануу барынан олуттуу маселе”,-деди “Apple” компаниясынын жетекчиси.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!