Качан караба журналист журту колуна “куралын” көтөрө боло турган, болуп жаткан окуяны көздөй чуркап баратканын көрөсүң. Элге маалымат жеткирүү, коомдогу көйгөйдү сууруп чыгуу менен өздөрүнүн атуулдук да, кесиптик да милдетин аткарууда. Адатта журналисттер башкаларга микрофон сунса, биз басма сөз жана маалымат күнүн утурлай, айрым кесиптештерибизге суроо узаттык.
-Журналистика Сизге эмне берди?
Жалил Сапаров, медиа серепчи, Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси:
-Журналистика - жөн эле менин кесибим эмес, ал менин жашоом, жашоо образым, дүйнө карашым жана башкы баалуулугум. Мен турмушта эмнеге жетишсем, анын көбүн журналистикадан алдым. Кала берсе сүйүүнү да. Журналистика мага жашоонун маңызы эмне экенин үйрөттү.
-Аялзаты үчүн журналистиканын жыргалы менен кууралы эмнеде?
Гүлмира Үмөталиева, журналист, “Сезим” кризистик борборунун адиси:
-Журналистика - бул күч-кубат акыл эс, дараметтен тышкары көп убакытты, күн-түнгө, майрамга карабай талыкпай иштөөчү кесип. Ошондуктан, журналистика дайыма жашарып, жаңы муун менен алмашып турганы дагы ушундан. Журналисттик кесип менен нан таап, үй-бүлөмдү багып келе жаткандыктан анын жыргалына дагы, түмөн түйшүгүнө дагы көнүп калгам. Бирок, жаш кездегидей журналистка менен 100% жашай албай, балдарга карап, балдарды багууга ылайыктуу графиктеги ишке өтүп, пиарчы болуп жүрөм. Журналисттер айрыкча, теледегилер сонун болуп экрандан көрүнгөнү менен кадр сыртында канча түйшүк тартарын эч ким билбейт. Ар бир эфирдин чыгышы дагы адамды ойлондурбай койбойт. Кээде эфирге жетишпей, түйшүк тарткан учурлар түшүмө кирип калат. Ошондуктан, баардык кесиптештеримдин түйшүгүн түшүнөм. Гезит чыгаруу, радио уктуруу даярдоо же сайтка жаңылык, макала жазуунун артында алардын түмөн түйшүгү жатат. Бар болуңуздар, алтын калем ээлери.
-“Журналистика кооптуу кесип, бирок журналисттер менен жолугушуу андан да кооптуу” деген сөзгө кандай карайсыз?
Кубаныч Жолдошев, “Азаттык” үналгысынын журналисти:
-Ар бир иштин, ар бир кесиптин оорчулугу жана ырахаты бар сыяктуу эле журналистикада дагы түмөн түйшүк жараткан, кээде адамдын коопсуздугуна коркунуч келтирген учурлар болбой койбойт. Бул эми мына ошол кайсы бир күчтөр коомчулуктан жашырып, бирок ага кандайдыр бир жол менен журналист ээ болгон маалыматтын олуттуулугуна жараша болушу мүмкүн. Кээде кайсы бир тараптар журналисттин жазган жөнөкөй эле сын материалына тырчып, андан бирөөлөр аркылуу өч алууну көздөшү мүмкүн. А мүмкүн башка бир адамдар экинчи бир атаандаштарын айыпка жыгуу үчүн журналистке кол салууну уюштуруп, каршылашын шектүү катары көргөзүү үчүн мына ошондой "оюндарды" уюштурушу мүмкүн. Журналист публиканын адамы болгондуктан ага байланыштууу кандайдыр бир окуя тез тарай турганын билген кандайдыр бир күчтөр мына ошондой усулдарды пайдаланып келген учурлар аз эмес. Анан эми журналисттер менен жолугушуу андан кооптуу дегенге кошулбайт элем. Артында калбыры жок, айта турган сөзү бар адам эч качан журналисттен чочулабайт. Мүмкүн журналисттер менен кызматташып, ал аркылуу өзүнүн үнүн коомчулукка жеткирет. Ошондуктан журналисттерден коркуш керек деген аткаминерлердин же саясатчылардын өзүндө маселе болушу мүмкүн.
-“Өрт чыккан жерге журналист өрт чыгаардан беш мүнөт эрте барышы керек” деген кесиптик учкул сөздү кандай түшүнөсүз?
Таалайгүл Үсөнбаева, “Спутник” маалымат агенттигинин кабарчысы:
-Негизи "Өрт - бул тилсиз жоо" деп коет эмеспи. Өрт чыгып кетээрин билип эрте барып тургудай журналист Кудай эмес да. Журналисттин иши кандайдыр бир окуя, кырсык, көрүнүштү ыкчам чыгаруу керек эмеспи. Бул учкул сөз ошондон улам келип чыкса керек. Журналист тимеле өрттөн мурун барып даярданып тургандай дароо жаңылык жазды деген мааниде айтылса керек. Чындыгында биздин жумуш тездикти жана тактыкты талап кылат. Башка маалыматтык басылма, сайт же ТВ, радиолоржон озунуп жаңылыкты биринчилерден болуп берүүгө шашылыш керек. Айрыкча маалымат сайттары ыкчамдыкты талап кылат.
-Адатта расмий гезиттер эркин басылмаларга караганда, чиновниктердин кемчилигин ачык жаза алышпайт дешет?
Алмаз Чербеков, “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары:
-Андай түшүнүк бар. Бирок, бизде чиновниктерди сындаган макалалар байма-бай жарыяланып турат. Мамлекеттик кызматкерлердин кетирген кемчиликтерин ачык жазабыз. Өкмөт же башка органдары тарабынан цензура жок. Ошентсе да, мамлекеттик, расмий деген статусту сактоо керек. Такталбаган маалымат, бир тараптуу каралоого “Эркин Тоо” гезити эч качан жол бербейт. Биздин негизги максат мамлекеттик саясатты элге жеткирүү, бийликтин жасап жаткан реформалары менен коомчулукту тааныштыруу. Учурда бул милдетибизди аткарып жатабыз деп эсептейбиз. Ал эми кесиптештеримди келе жаткан майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.