БАЭ менен 520,7 млн. долларга товар жүгүртүлгөн

24-Май 2017, Шаршемби

Акыркы 6 жылдын ичинде Кыргызстан менен Бириккен араб эмиратынын (БАЭ) ортосундагы товар алмашуунун жалпы көлөмү 520,7 млн. долларды түзгөн. Бул тууралуу Кыргыз-Араб бизнес форумунда Экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан БАЭ менен эки тараптуу мамленин өнүгүшүнө кызыкдар. Учурда эки өлкө ортосундагы алакалар бийиктеп жатат. 2014-жылы эки өлкө ортосунда экономикалык негизги келишимдерге кол коюлган.

“Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода-сатык мамилелерде динамикалуу алга жылуулар байкалган. Товар айлантуунун көлөмү аз. Бирок бул ишке ашырыла турган иштер алдыда экендигинен кабар берет”,-дейт Кожошев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!