​Ипотеканын пайыздык чени 8 пайызга чейин төмөндөйт

28-Сен. 2017, Бейшемби, 15:48

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чени 8 пайызга чейин төмөндөйт.Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков жумушчу жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы өкмөттүн “жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасындагы пайыздык чен маселесин кайра карап чыгуу тапшырды.

“Жыйынтыгында учурдагы пайыздык чеди 10дон 8 пайызга чейин азайтууга жетиштик. 2017-жылдын 1-октябрынан баштап жарандарга мамлекеттик ипотекалык насыяны 8 пайыздан берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Биз насыялоонун көлөмүн жогорулатабыз жана өлкө жарандарынын баардык катмары үчүн жайылтабыз”,-дейт Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!