​Ташкенттеги кыргыз-өзбек товарларынын көргөзмөсү (фото)

6-Окт. 2017, Жума, 10:59

Ташкентке барган кыргызстандык 100гө чукул компаниянын өкүлдөрү өз товарлары менен кызматтарын сунуштап жатышат. Көргөзмө кечээ, 5-октябрда ачылган бүгүн дагы уланмакчы. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда аталган иш-чарага Кыргызстанда 250дөн ашуун соода өнөр жай, туризм, билим берүү, айыл чарба тармагында иш алып барган өкүлдөр катышып жатат.

Бүгүн, 6-октябда Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форуму башталат. Ага Экономика министри Артем Новиков катышмакчы.

Буга чейин өлкө башчылар Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев павильондорду кыдырып, алгач Кыргызстандын, андан соң Өзбекстандын продукциясына күбө болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!