​Айлана-чөйрөнү коргоого 700 млн. жумшалат

19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:15

Кыргызстанда айлана-чөйрөгө жумшала турган каражат жалпы бюджеттин 1 пайызына жетпеген өлчөмдү түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги жаратылышты коргоо иштерин каржылоо саясаты боюнча семинарда билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөдө айлана-чөйрөгө 700 млн. сом жумшалат. Бирок жаратылышты коргоо чыгымдарын мамлекеттик чыгашаларынын жыйынтыгынын так көрсөткүчтөр менен камсыздоо жана айрым субсидияларды жоюунун эсебинен эффективдүүлүгүн көтөрүү мүмкүн экендиги жыйында айтылды.

Ошондой эле каржы ресурсунун чектелген шартында айлана-чөйрөнү коргоо жана анын ичинде биоартүрдүүлүк жана климатты адаптациялоо боюнча чаралар толук каржыланбасы белгиленди. Ал үчүн учурдагы чыгымдар жана каржылоо тармагында кабыл алынган чечимдерин жакшыртуу үчүн тармактын каржылык талаптары боюнча маалымдоо керектиги билдирилди.

Семинардын жыйынтыгында каржылоо планын жана айрым чечимдерди ишке ашыруу жагы макулдашылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!