​Алина Кабаева кызы тууралуу пландарын айтып берди

​Алина Кабаева кызы тууралуу пландарын айтып берди
8-Май 2018, Шейшемби, 14:01

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева жеке жашоосу тууралуу абдан сейрек айтып берет. 34 жаштагы спортчу жакында "Мир" телканалына маек куруп анда келечекте кыздуу болсо, кандай тарбиялай тургандыгын айтып берди. Бул тууралуу “Woman.ru” сайты кененирээк жазып чыкты. Маалыматка ылайык Кабаева көркөм гимнастика боюнча 10-мааракелик “Алина” фестивалынын ачылышы алдында маек курган. Анда атактуу спортчу өзүн 3 жашынан баштап тарбиялаган машыктыруучусу Ирина Винердин аракети менен атактуу спортчу болгондугун белгиледи. Мындан тышкары Кабаева кыздуу болсо, сөзсүз спорттун ушул түрү менен машыга тургандыгын айткан. Анын пикири боюнча көркөм гимнастика баланын гармониялык өнүгүшүнө жол ачат. Себеби ага хореография, дене тарбиясынан баштап, музыкалык билим да алат.

Эсиңиздерге сала кетсек орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамына татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!