Акча алмаштырууда эмнеге көңүл буруу зарыл?

20-Март 2018, Шейшемби, 13:39

Улуттук банк алмашуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүнө алмашуу операцияларын ишке ашырууда алардын укуктары жана милдеттери тууралуу эске салууну зарыл деп эсептейт, анткени учурда калк тарабынан белгилүү бир даттаануулар келип түшүүдө.

Алмашуу операцияларын Улуттук банктын чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу укугу жөнүндө лицензиясына ээ коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорунда гана ишке ашырууну билүү зарыл. Анткени алмашуу бюросуна лицензияны алуу учурунда каттоодон өткөн дарегин көрсөтүү менен катталгандыгы тууралуу кат берилет.

Лицензиясыз иш алып барган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүүгө болбойт, анткени мындай учурда кандайдыр бир алдамчылык же жаңылышуу аракеттерди далилдөө мүмкүн эмес, негизи алар тастыктоочу документтерди да сунуштабайт. Мындай пункттардын салык төлөбөстөн иш алып баруусу өлкө экономикасына терс таасирин тийгизүүдө, мындай иш контролдукка да алынбайт.

Эгерде сизге ушул сыяктуу пункттар белгилүү болсо 61-04-86 телефону аркылуу Улуттук банктын коомдук кабылдамасына маалымдоону же mail@nbkr.kg. электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүнү өтүнөбүз. Улуттук банк бул билдирүүгө милдеттүү түрдө чара көрөт.

Чет өлкө валютасын алмашуу чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана жүргүзүлөт, ал эми анда көрсөтүлбөгөн курс боюнча нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатууга жол берилбейт.

Чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары үтүр менен бөлүнгөн бүтүн сандан кийин төрт ондук белгиге чейин белгиленет. Үтүр менен бөлбөй туруп же үтүрдөн кийин төрттөн ашык белги менен көрсөтүү аркылуу валюта курстарын белгилөөгө, ошондой эле кардарларды валюта курстары боюнча адашууга алып келген башка аракеттерге тыюу салынат.

Алмашуу бюросу чет өлкө валюталарын сатып алууда, сатууда же алмашууда акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша кайсы бир чектөөлөрдү киргизүүгө жана ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок. Бирок, алмашуу бюросу, аныктыгына шек туудурбаган чет өлкө валютасындагы банкноттор менен алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда комиссиялык төлөмдөрдү өз алдынча белгилөөгө жана алууга укугу бар, эгерде алардын төмөнкүдөй кемчиликтери бар болсо:

- баштапкы түсү өзгөрүп калса же боёчу заттар менен боёлуп калса;

- басып чыгарууда кемчиликтер кетирилген болсо;

- эгерде өзүнчө бөлүктөрү бир эле банкнотко тиешелүү шартта, тытылган же чапталган болсо;

- бурчтары, чекелери тытылган же жыртыкчалар болсо;

- күйүп калган жерлери болсо.

Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерге байланыштуу сатып алууга жана сатууга жатпаган акча банкноттору, алардын ээсинин макулдугу менен алмашуу бюросу тарабынан банк-корреспондентте алмаштыруу үчүн (экспертизага) кабыл алынышы мүмкүн.

Алмашуу бюросу чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

• кассалык чекти берүүгө, бул үчүн белгиленген тартипте салык органдарында катталган контролдук-кассалык машиналарды же фискалдык карта менен жабдылган компьютерлерди колдонууга милдеттүү.

• кардардын өтүнүчү боюнча көчүрмө кагазы менен маалым кат-сертификатты (кошо тиркелет) толтурууга милдеттүү, ага кызматкер тарабынан кол коюлууга, жана алмашуу бюросунун мөөрү жана штампы менен тастыкталууга тийиш. Мөөрдө (штампта) алмашуу бюросунун аталышы, калктуу пункт, идентификациялык салык номери (ИНН) көрсөтүлүүгө тийиш, ал эми тиешелүү реквизиттер, кызматкерлердин кол тамгасы жана мөөрү көрсөтүлбөгөн маалым кат-сертификат жараксыз болуп саналат. Маалым кат-сертификат берүү үчүн төлөм алынбайт жана аны башка адамдарга тариздөөгө жол берилбейт.

Кардар 50 000 сомго барабар же андан жогору суммага нак чет өлкө валютасын сатып алууда/сатууда (же болбосо чет өлкө валютасындагы эквивалент) бул операция анын инсандыгын тастыктаган паспорт, аскердик билети сыяктуу документинин (сүрөтү менен) негизинде гана жүргүзүлөөрүн эске алышы зарыл. Андыктан алмашуу бюросунун мындай талабын түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз.

Эсептешүү тартиби

Кассир кардардын көзүнчө нак акча каражатын эсептейт жана берилген валютанын аныктыгын текшерет. Эсептөөдө айырмачылыктар же төлөөгө болбогон эскилиги жеткен акчалар келип чыккан учурда кассир нак акча каражатын кардарга кайтарып, жетишпеген сумманы толуктоону сунуштайт.

Жетишпеген сумма кардар тарабынан берилген учурда, кассир кардардын көзүнчө нак чет өлкө валютасынын толук суммасын бирден эсептеп кабыл алат. Мында банкноттор кардардын көзүнчө иштелип чыгууга жана кассирдин столу башка нак акчалардан жана буюмдардан бошотулууга тийиш.

Эсептешүү иши жүргүзүлгөндөн кийин кассир улуттук же чет өлкө валютасынын тиешелүү суммасын кардардын көз алдында алардын аныктыгын текшерүү менен ага берет. Бир эле убакытта кардарга кассалык чек, ал эми зарылчылыкка жараша маалым кат-сертификат да берилет.

Кардардын талабы боюнча кассир анын катышуусунда берилип жаткан нак чет өлкө валютасын валюта детекторунда текшерүүгө милдеттүү. Кардар чет өлкө валютасын сатып алып-сатып жаткан учурда кассанын жанында акча каражатын бирден эсептеп чыгуу укугуна ээ. Жаңылыш эсептешүү аныкталган учурда, кардар аны кайталап эсептөө үчүн кассирге берилген сумманы толугу менен өткөрүп берет. Кассир эсептешүүдө ката келип чыккан учурда жетишпеген сумманы толуктоого жана кардар алдында акча каражатты бирден эсептеп чыгууга милдеттүү. Акча каражатты кайра эсептөө банкнотту эсептөө үчүн атайы каралган машинканын жардамы аркылуу жүзөгө ашырылышы жана эсептөө таблосу алдыңкы бети менен кардардын маңдайында турушу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!