“IPhone” колдонуучулары тууралуу маалыматты сатат

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“iPhone” дун белгилүү “Аба ырайы” тиркемеси колдонуучуларынын жайгашкан жери тууралуу маалыматты сатат.

“iPhone” колдонуучулары менен тыгыз байланыштуу эскертүү келди. Коопсуздук боюнча эксперт Страфах аба ырайынын шарттары жөнүндө эскертүү жарыялады. «Аба ырайы» (“AccuWeather”) “iPhone” колдонуучуларынын жайгашкан жери тууралуу маалыматты «Reveal Mobile» аттуу жарнама компаниясына сатканы ачыкка чыкты.

Эскертүүгө ылайык, колдонуучунун GPS координаттары, алар кошулган зымсыз системанын аты жана “Bluetooth” күйүп тургандыгы тууралуу маалымат колдонуучунун жайгашкан жери өчүрүлү болсо да, жарнамалык компания “Reveal Mobile” ге жиберилет. Изилдөөгө ылайык, тиркеме 36 саат бою 16 жолу бул маалыматты жарыялайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!