Саясатчылар менен автоунаа чыгаруучулар электромобильдерди климаттын өзгөрүсү менен күрөшүүнүн оңтойлуу жолу катары эсептешет. Бирок, электр унаалары кээде бензин менен мазутка караганда айлана-чөйрөгө өтө эле зыяндуу экени изилденген. Батареяларды өндүрүү - энергияны колдонуучу татаал процесси болуп саналат. Ошентсе да, автоунаалардан чыккан жогорку көмүр кычкыл газынын кесепетинен улам, электр энергиясы менен жүргөн унааларды өндүрүү бирден-бир чара болуп калды.
Төмөндөгү картада электр унааларынан чыккан көмүр кычкыл газынын өлчөмү көрсөтүлгөн.
Европада электр унааларын пайдалануунун төрт түрдүү эрежеси болушу мүмкүн:
1. Исландия жана Норвегия сыяктуу өлкөлөр электр муктаждыктарынын дээрлик бардыгы суунун күчү менен толуктайт. Бул өлкөлөрдө, электр транспорт каражаттарын пайдалануу климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү үчүн реалдуу чечим катары колдонулат. Мындай мамлекеттер жогорудагы картада жашыл түс менен көрсөтүлгөн.
2. Франция, Словакия жана Венгрия электр энергиясын адатта атомдук электростанциялардан өндүрөт. Көмүр кычкыл газы кадимки унааларга караганда төмөн. Себеби атомдук электростанциялар зыяндуу газды бөлүп чыгарбайт. Антсе да ядролук калдыктар дагы деле көйгөй бойдон калууда.
3. Электр энергиясын жаратылыш газ менен камсыз кылуучу Нидерландия, Германия жана Улуу Британияда элдин 60 пайызы электр унааларын пайдаланат. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу кооптонуу бул мамлекеттерде жок.
4. Электромобилдерди чыгаруучу Эстония жана Польша өлкөлөрүндө парник газдары көп бөлүнүп чыгат. Электр унаалары башка түрдүү автоунааларга караганда 30 жана 60 пайызге чейинки жогорку көрсөткүчтө көмүртек диоксидин абага таратат. Себеби электр энергиясын алар көмүрдөн жана мунайдан өндүрүшөт.
2015-жылы бүткүл дүйнөдө жарым миллиондон ашуун электр техникасы сатылды. Эгер накта максат транспорттордогу парник газдарын бөлүп чыгаруусун азайтуу болсо, унаа менен энергиянын кайра жаңылануучу булагына артыкчылык берилгени дурус.